Новости

ОшМУнун студенттик тайпаларынын старостасы жөнүндөгү жобосу

ОшМУнун студенттик тайпаларынын старостасы жөнүндөгү жобосу 1. Жалпы жобо 1.1. Староста - студенттик тайпада коомдук, админстративдик функцияларды аткарган окуу жайдын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эсептелет. Ал билим алып жаткан тайпадагы студенттердин арасынан тайпа тарабынан шайланып, декан тарабынан бекитилет; 1.2. Староста ректораттын, деканаттын, куратордун, жаштар комитеттин көрсөтмөлөрү, буйруктары жана окуу жайдын уставына, жоболоруна ылайык иш алып барат; 1.3. Старостага деканат тарабынан студенттик билет менен кошо күбөлүк (тиркеме) берилет. 2. Старостанын милдеттери 2.1. Ректорат, деканат, куратор, жаштар комитети тарабынан берилген тапшырмаларды өз убагында аткаруу; 2.2. Ректорат, деканат тарабынан берилген ар кандай зарыл маалыматтарды, буйруктарды, университетте, факультетте өтүүчү иш чараларды тайпанын бардык студенттерине өз убагында жеткирүүгө; 2.3. Окуу жадыбалы боюнча сабак болуучу же тайпалык чогулуш өтүүчү аудиторияны даярдоо, ал үчүн окуу имаратынын күзөтчүсүнөн (вахтер) ачкычты алууга жана тапшырууга; 2.4. Окуу жадыбалы боюнча коюлган сабактар үзгүлтүккө учураса, дароо деканатка кабарлоо; 2.5. Тайпадагы студенттердин сабактарга катышуусу, билим алууга болгон мамилеси, бош убактыларында эмне менен алек болуп жүргөндүгү, тайпанын моралдык-психологиялык абалы туурасында кураторго үзгүлтүксүз кабарлап туруу; 2.6. Себептүү сабак калтырган студенттердин документтерин (медициналык аныктама, арыз ж.б.) журналга тиркеп жүрүүгө жана бул боюнча окутуучуларга, деканатка кабарлап турууга; 2.7. Тайпалык журналды алып жүрүүгө, предметтик окутуучуларга, лекторго сабактын башталышында тапшырууга жана сабактар бүткөндө кайра деканатка тапшырууга; 2.8. Тайпалык журналды этият сактоого, тиешелүү окутуучулардан башка адамдардын журналга жазуусуна жол койбоого; 2.9. Бюджеттик негизде окуган тайпалардын старосталары стипендияларды алууга жана өз убагында студенттерге таратууга; 2.10. Окууда, илимий иштерде жана тайпада, факультетте студенттер арасында жакшы жүрүм-туруму менен үлгү болуу; 2.11. Окуу жайдын материалдык-техникалык базасына, эмерек-буюмдарына аяр мамиле кылуу маданиятын тайпанын студенттеринде калыптандыруу; 2.12. Деканат, куратор, факультеттин жаштар комитети менен дайыма тыгыз байланышта болуу; 2.13. Куратордун, факультеттин жаштар комитетинин активдүү жардамчысы болууга; 2.14. Тайпадагы студенттердин жашаган дареги, туулган күнү, телефон номерлери, социалдык абалы жөнүндө маалыматтардын болуусу; 2.15. Студенттик өзүн өзү башкарууну тайпанын алкагында координациялоо; 2.16. Тайпа ичинде ынтымакты, достукту, мамилени камсыз кылууга; 2.17. Тайпанын студенттерин коомдук пайдалуу жумуштарга тартуу; 3. Старостанын укуктары 3.1. Тайпанын таламдарын, кызыкчылыгын окуу жайдын админстрациясына жеткизүүгө, укугун коргоого; 3.2. Окуу жай жөнүндө, тайпага байланыштуу ар кандай маалыматтарды алууга; 3.3. Тайпада мыкты окуган, илимий, коомдук иштерге активдүү катышкан студенттерди деканатка, профсоюз уюмуна, жаштар комитетине сыйлыкка сунуштоого; 3.4. Окуу жайдын ички тартип эрежелерин бузган студенттерге админстративдик чара көрүү жөнүндө деканатка, ректоратка кайрылууга; 3.5. Университеттин, факультеттин жаштар комитетинин жыйындарына катышууга; 3.6. Окуу-тарбия процессине байланыштуу тайпанын ичинде көйгөйлөр пайда болгон учурда кураторго, деканатка кайрылууга; 3.7. Өзүнүн милдетин маанилүү себептерге байланыштуу аткара албай калган учурда орун басар дайындоого; 3.8. Ректораттын, деканаттын, куратордун көрсөтмөлөрүн, буйруктарын аткарууну тайпанын студенттеринен талап кылууга; 4. Старостаны шайлоо, дайындоо жана бошотуунун тартиби 4.1. Староста куратордун катышуусу менен тайпанын жалпы жыйынында жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат; 4.2. Тайпадагы көпчүлүк студенттердин катышуусунда 50%+1 добуш калган студент старосталык кызматка шайланды деп эсептелинет; 4.3. Тайпанын жыйынынын токтомунун негизинде шайланган студентти факультеттин деканы 1 жылдык окуу мөөнөтүнө старосталык кызматка бекитет; 4.4. Староста шайлоо 1-курстарга окуу жылы башталган күндөн тартып алгачкы 3 жуманын ичинде, ал эми жогорку курстарга ар бир окуу жылынын биринчи жумасында өткөрүлөт; 4.5. Старостаны мөөнөтүнөн мурда шайлоо төмөндөгү учурларда болот: а) өз каалоосу менен старосталык кызматтан кеткенде; б) студенттик катардан четтетилгенде, академиялык өргүүгө чыкканда, сабактарга эркин катышуу укугун алганда; в) старосталык милдетти канааттандырарлык аткара албай калган учурда куратордун кызматтык каты, факультеттин жаштар комитетинин чечими же тайпанын көпчүлүк студенттеринин катышуусунда өткөн жыйындын чечиминин негизинде; 4.6. Староста мөөнөтүнөн мурда кеткен учурда аны кайра шайлоо 2 жума аралыгында куратор тарабынан уюштурулуп өткөрүлөт.
222 23:48 16-09-2021

                 

Новости

|< 1 >|