Новости

ОшМУнун «Эң мыкты студент» сынагынын жобосу

ОшМУнун «Эң мыкты студенттик тайпа» сынагынын Жобосу ОшМУнун «Эң мыкты студенттик тайпа» сынагы ОшМУнун күндүзгү окуу бөлүмүндөгү тайпалары арасында уюштурулат; . Сынактын негизги максаты - окууда, илимде, маданий-массалык, коомдук уюштуруу иштеринде жана спорттук иш чараларда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн студенттерге ошондой эле жаш таланттарга стимулдук шык, моралдык жана материалдык дем берүү болуп эсептелет. 2. Сынактын милдеттери 2.1. Студенттердин окууга, илимге, коомдук уюштуруу ж.б. өз алдынча чыгармачылык иштерге болгон кызыгуусун арттыруу; 2.2. Илимий иш - чараларга катышууга тартуу; 2.3. Ар тараптуу өсүүгө стимулдаштыруу жана мотивациялоо; 3. Сынакты өткөрүүнүн тартиби 3.1. «Эң мыкты студенттик тайпа» сынагы эки этап менен өткөрүлөт: 1-этап: Факультеттерде жогорку көрсөткүчтөргө ээ болгон тайпалар арасында 15-20-майга чейин жүргүзүлөт. Факультеттеги жеңүүчү тайпа декандын сунушу менен университеттин биринчилигине жолдомо алат. 2-этап: Экинчи этаптын жыйынтыгын атайын түзүлгөн университеттик комиссия 1-10-июнга чейин чыгарат. Ар бир этапта катышуучу тайпалар эки критерий боюнча бааланат: Студенттердин окуу-илим чөйрөсүндөгү жетишкендиктери жана тарбиялык-коомдук ишмердүүлүктөрү боюнча бааланат. Конкурстун жыйынтыктары упайлык баалоо менен аныкталат. 3.2. Сынакка катышуу үчүн тайпалар төмөндөгүдөй документтерди тапшыруулары зарыл: 1-этап: - Тайпанын конкурска катышууну каалагандыгын билдирген арыз; - Тайпанын окуу жаатындагы жетишүүсүнүн орточо балын тастыктаган билдирме; - Куратордун сунуштамасы; 2-этап: - Тайпанын конкурска катышууну каалагандыгын билдирген арыз; - Тайпанын окуу жаатындагы жетишүүсүнүн орточо балын тастыктаган билдирме; - Декандын сунуштамасы; - Студенттик тайпанын тизмеси: студенттин аты-жөнү, улуту, туулган жери, учурда жашаган жери, телефону; 1. Төмөндөгү таблицада көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдү комиссияга көрсөтөт: Көрсөткүчтөр Упайынын саны Группанын сессиялардагы жетишүүсүнүн орточо упайы каралат 4 15 3 10 Группанын сессиялардагы жетишүүсү 3 упайдан кем болсо конкурска катыша албайт ----- Студенттердин олимпиадаларга катышуусу Көрсөткүчтөр Упайы Факультет Университет Шаардык Республикалык Эл аралык 1-орун 3 6 9 12 15 2-орун 2 5 8 11 14 3-орун 1 4 7 10 13 Студенттердин илимий макалалары Көрсөткүчтөр Упайы Факультет Университет Шаардык Республикалык Эл аралык 1-орун 3 6 9 12 15 2-орун 2 5 8 11 14 3-орун 1 4 7 10 13 Эскертүү: Кошумча баалоо жарык көргөн журналдардын индексациясына карап бааланат Студенттер өзгөчө стипендия алган болсо Көрсөткүчтөр Упайы Университет Шаардык Республикалык Эл аралык 1-орун 3 6 9 12 2-орун 2 5 8 11 3-орун 1 4 7 10 коомдук маданий-массалык иш-чараларынын жеңүүчүлөрү болсо Көрсөткүчтөр Упайы Факультет Университет Шаардык Республикалык Эл аралык 1-орун 3 6 9 12 15 2-орун 2 5 8 11 14 3-орун 1 4 7 10 13 Студенттик өзүн-өзү башкаруу структураларындагы аракеттери үчүн Көрсөткүчтөр Упайы ОшМУнун жаштар кеңешинин жана студенттик акыйкатчы аппаратынын төрагасы болсо 15 ОшМУнун жаштар кеңешинин жана студенттик акыйкатчы аппаратынын структурасында сектор башчы болсо 10 ОшМУнун жаштар кеңешинин жана студенттик акыйкатчы аппаратынын структурасында ыктыярчы болсо 5 Студенттик өзүн-өзү башкаруу структураларындагы аракеттери үчүн Көрсөткүчтөр Упайы ОшМУнун факультет, колледждериндеги жаштар кеңешинин жана студенттик акыйкатчы аппаратынын төрагасы болсо 9 ОшМУнун факультет, колледждериндеги жаштар кеңешинин жана студенттик акыйкатчы аппаратынын структурасында сектор башчы болсо 6 ОшМУнун факультет, колледждериндеги жаштар кеңешинин жана студенттик акыйкатчы аппаратынын структурасында ыктыярчы болсо 3 ОшМУнун факультет, колледждеринде староста болсо 2 Социалдык иш-чараларга катышкандыктары үчүн Упайы Факультет Университет Шаардык Республикалык Эл аралык 2 4 6 8 10 Эскертүү: Жогоруда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөрдүн баары ар бир тайпада болуусу сөзсүз шарт эмес. Бирок конкурстун жыйынтыгы студенттик тайпанын көп упай топтоосуна байланыштуу чыгарылат. Финансылык каржылоо Сынакты финансылык каржылоо ОшМУнун ички бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт. Бул сынактын жалпы сыйлык фондунун өлчөмүн экономикалык-пландоо бөлүмү жана камкорчулар кеңеши тарабынан аныкталат. Уюштуруу тобу «Эң мыкты студенттик тайпа» сынагы боюнча ОшМУнун биринчилигин уюштуруу, өткөрүү жана жыйынтыгын чыгаруу ОшМУнун жаштар кеңеши тарабынан жүрүгүзүлөт. Уюштуруу тобунун курамына: 1-этапта: ОшМУнун ректоратынан, факультеттин деканатынан, профсоюз уюмунан, кафедра башчыларынан, кураторлордон, окутуучулардан, аялдар кеңешинен, факультеттин жаштар кеңешинен өкүлдөр кирет. 2-этапта: университеттин администрация жетекчилеринен, профессордук-окутуучулар курамынан, профсоюз уюмунан, аялдар кеңешинен, жаштар кеңешинен. Сынактын жыйынтыгын чыгаруу Сынактын жыйынтыгын атайын түзүлгөн комиссия окуу жылынын аягында чыгарат. Сынактын жеңүүчүлөрү эң көп упай топтогонуна карата аныкталат. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо: Факультеттин мыкты студенттик тайпаларын сыйлоо: 1-орун – Факультеттин ардак грамотасы, ОшМУнун эс алуу зоонасына, университеттик конкурска жолдомо; 2-орун - Факультеттин ардак грамотасы, ОшМУнун эс алуу зоонасына жолдомо; 3-орун - Факультеттин ардак грамотасы, ОшМУнун эс алуу зоонасына жолдомо; (Деканаттар мындан башка белектерди уюштурса да болот). ОшМУнун мыкты студенттик тайпаларын сыйлоо: 1-орун – ОшМУнун ардак грамотасы, тайпанын бардык студенттерине Сары-Челекке жолдомо, … (…) сом акчалай сыйлык; 2-орун - ОшМУнун ардак грамотасы, тайпанын бардык студенттерине Арсланбапка жолдомо, … (…) сом акчалай сыйлык; 3-орун - ОшМУнун ардак грамотасы, тайпанын бардык студенттерине Абшыр-Атага жолдомо, … (…) сом акчалай сыйлык. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар ОшМУнун күнүндө салтанаттуу түрдө тапшырылат.
214 00:20 17-09-2021

                 

Новости

|< 1 >|