Жанылыктар

"Конвергенттик журналистиканын талаптарына ылайык кесипкөй кадрларды даярдоо

Бүгүн 28-февралда журналистика кафедрасында практиканын конференциясы болуп өттү. Ага кафедранын профессору Кубан Мамбеталиев, Өндүрүштөр менен байланыштар департаментинин директору, доцент Талант Матикеев, факультеттин деканынын орун басары, доцент Нуржамал Мапаева, кафедра башчы, доцент Сейил Эргешова жана кафедралык курам толугу менен катышты. Студенттер практикада үйрөнгөн тажрыйбалары менен ой бөлүшүп, презентацияларын жасашты. Саат 13-00дө ММК жетекчилери чакырылып кафедра мүчөлөрү, студенттердин катышуусу менен "Конвергенттик журналистиканын талаптарына ылайык кесипкөй кадрларды даярдоо" - деген аталышта тегерек стол болду. Адистик боюнча видео ролик көрсөтүлгөн соң, доцент Н.Мапаева доклад жасады. Тегерек столго ОшМУнун окуу-иштери боюнча проректору доцент З.Божонов, өндүрүштөр менен байланыштар депортаментинин директору Т.Матикеев, профессор К.Мамбеталиевдер катышты. Өндүрүш жетекчилеринен: Сулайманкулов Жумамидин - "ЭлТР МТРКсынын" башкы директорунун орун басары; Жалиев Таштемир - "ЭлТР МТРКсынын ЭлФМ" радиосунун жетекчиси; Рахманбердиева Гүлмайрам - "Ош Пирим" радиосунун продюсери; Акматова Адашгүл "АКИпресс-Ош" - бөлүмүнүн редактору; Орозбек Шарабидин уулу - "Ош Пирим" телеканалынын редактору; Каракозуев Асан - "Ынтымак КРТРКсынын" жаңылыктар бөлүмүнүн редактору; Садиев Данияр - "Т.Турсуналиев" атындагы медиа мектебинин директор; Жусанов Кубаныч - "Т-MEDIA GROUP" башкы директору; - канткенде заманбап базар мамиле шарттарына жарамдуу атааңдаштыкка туруктуу, кесипкөй кадрларды даярдоо керек?- деген суроонун тегерегинде талкуу жүрдү. Андан соң журналистика кафедрасындагы окуу ишмердүүлү боюнча анкета жүргүзүлдү. Өндүрүш жетекчилери айткан сунуш пикирлер эске алынып 2019-2020-окуу жылына НББПга өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы каралды.
1125 10:35 01-03-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|