Жанылыктар

ЖАРЫЯ!!! Журналист болгуң келеби?

Урматтуу абитуриент! Сиз кесип тандоо алдында турасыз... Кесиптердин баары адам баласына кызмат кылуу үчүн муктаждыктан келип чыккан. Кесип - өмүрүбүздүн көп бөлүгүн өткөргөн ишибиз. Кичинебизден баштап, келечегибиз жөнүндө кыялданабыз. Башында кыял катары эсептелген кесип тандоо, чоңойгон сайын чындыкка жакын негиздерге таянат. Өмүр бою бир боло турган кесип тандоодо кээ бирөөлөр тобокелге барат. Инсандын ишинин ийгиликтүү болушу - анын тандаган кесиби менен байланыштуу. Келиңиз, мен Сизге тегереги кызыктуу адамдарга толгон, заманбап эмгек рыногунда өзүнүн чоң орду бар журналисттик кесип жөнүндө айтып берейин. Журналист болуу үчүн курч, тайманбас жүрөк, ыкчам ой жүгүртүү керек. Бүгүнкү ааламдашуу доорунда журналистиканын багыттары абдан кеңейүү менен иш орундары көбөйдү. Бул креативдүү кесиптен келечектеги алтын калем ээлерин, мыкты журналисттерди көрүү максатында ОшМУ "Журналист болгуң келеби?" - аттуу конкурс жарыяладык. Конкурска катышыңыз. Биз сунуштаган темаларда эссе, дил баян, видеоматериал даярдаңыз. Мүмкүн конкурстун жеңүүчүсү Сиз болосуз. Балким, белек менен бирге идеяга бай видеосюжетиңиз үчүн же мыкты дил баян жазганыңыз үчүн ОшМУнун студенти болуу бактысы буюргандыр. Шашылыңыз, чамдаңыз, урматтуу бүтүрүүчү! Сиздерди урматтоо менен журналистика кафедрасынын башчысы, доцент Эргешова Сейил.
1202 13:34 06-03-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|