Жанылыктар

Журналистика адистигинин студенттери "эң мыкты өкмөт башчысы "болду.

Орхус борбору жана Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети жана "Экологиялык онугуу" коомдук фонду тарабынан Ош шаарындагы ЖОЖдор арасында "Жаштар жана экология" деген темада Парламенттик дебат турнири болуп өттү. Дебаттын негизги максаты жаштарды экологияга кам көрүүгө чакыруу жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө аналализ жасоого үйрөтүү. Турнир 2 этаптан туруп 1-этабында жалпы экология боюнча суроо – жооптор болуп мыкты делген 4 команда 2-этапта ат салышты. Дебатка экология адистигине ээ болуучу студенттер жана журналистика адистигинин студенттери катышты. «Багыт» командасынын мүчөлөрү 1-курсунун студенти Абиев Кадыр жана 2-курсунун студенти Калбаева Элнуру катышып, аларды улук окутуучу Абдиева Чынара 1ай даярдаган. Жалпысынан алганда дебатка 12 команда катыш, соңунда журналистика адистигинин студенттери «Эң мыкты өкмөт башчысы» наамына ээ болушту.
994 09:27 21-05-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|