Жанылыктар

“Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” адабий-музыкалык кече

2023-жылдын 16-ноябрында ЭМФтин СГД кафедрасынын окутуучулары тарабынан “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы үч айлыктын алкагындагы “Эне тил тагдыры – эл тагдыры” деп аталган адабий-музыкалык кече өткөрүлдү. Кече эки бөлүктөн туруп, окутуучулардын кыргыз тилин даңазалаган акын-жазуучулардын чыгармаларынан көркөм окуу, обондуу ырларды жандуу аткаруу боюнча даярдыктары калыстар тобу тарабынан бааланды. Кеченин коноктору Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А. Ө. Тилекманова, ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору М. С. Шарипова окутуучулардын мыкты даярдыктары, активдүүлүктөрү жөнүндө айтуу менен факультеттеги Мамлекеттик тил саясаты, Улуттук жаран программалары боюнча иш алып баруу жогорку деңгээлде экендигин баса белгилеп өтүштү. Жыйынтыгында КД-2 кафедрасы биринчи орунду, ПБКФ кафедрасы экинчи орунду, КД-1 кафедрасы үчүнчү орунду багындырышып, факультет тарабынан диплом жана башка сыйлыктарга ээ болушту.
442 08:36 17-11-2023

                 

Жанылыктар

|< 2 3 4 5 6 >|