Жанылыктар

08.12.2023 IELTS language training centre

8-декабрь күнү IELTS тил үйрөтүү борбору ОшМУнун окутуучулары үчүн санариптик тестирлөөнү уюштурду. Бул санариптик тести Улуу Британиядагы эксперттер иштеп чыгышкан жана дүйнө жүзүндөгү колдонуучулар тарабынан кеңири сыналган. Ошондой эле баалоонун тактыгына жана ишенимдүүлүгүнө кепилдик берет. Окутуучуларга керектүү нерселер - бул компьютер, планшет, уюлдук телефон же интернети бар ноутбук. Сыноо CEFRтин А1ден С2ге чейинки деңгээлдерге дал келген тез натыйжаларды берет. Сынактын катышуучулары англис тилин билүү деңгээлине жараша андан аркы Pre-IELTS курсуна өтүүгө топтолушат. Долбоордун тренерлери курсту эки ай өтүшөт. Катышуучулар эки айлык курстун аягында ошол эле тесттен өтүп, жыйынтыгын билишет жана сертификаттарга ээ болушат.
648 10:45 13-12-2023

                 

Жанылыктар

|< 2 3 4 5 6 >|