Жанылыктар

23.12.2023 Жогорку курстун студенттеринин арасындагы тютордук иш.

Үстүбүздөгү жылы СГД кафедрасында жогорку курстун студенттеринин арасында тютордук иштер түзүлүп, 1-курстун студенттери үчүн насаатчылык программалары иштелип чыкты. Программанын максаты – факультеттин 1-курсунун студенттерине администрация менен баарлашуу, пикир алышуу, окуу бөлүмү менен өз ара иш алып баруу, кыргыз, орус, англис тилдерин билүү, тайпанын биримдигин түзүү, ар кандай интеллектуалдык семинарларга жана конференцияларга катышуу жагынан жардам берүү жана жашоодогу жаңы өзгөрүүлөргө киришүү процессин жеңилдетүү болуп саналат. Студенттик насаатчылар ай сайын өткөрүлүүчү иш-чаралардын, семинарлардын графигин түзүшүп, ар бир тайпа менен жума сайын жолугуп турушат.
400 04:24 25-12-2023

                 

Жанылыктар

|< 2 3 4 5 6 >|