Жанылыктар

Эл аралык мамилелер факультетинин Эл аралык мамилелер кафедрасынын студенттери БМУда өткөрүлгөн эл аралык студенттердин илимий-практикалык конференциясына онлайн катышышты

2022-жылдын 24-ноябрында ОшМУнун Эл аралык мамилелер факультетинин студенттери БМУда уюштурулган II Эл аралык студенттик илимий-практикалык конференциянын онлайн секциясына катышты. К. Карасаевдин атындагы БМУнун демөөрчүлүгү менен «Кыргыз-кытай мамилелери жаштардын көзү менен» деген иш-чара өткөрүлдү жана иш чарага Кыргызстандын гана эмес, Кытай, Россия, Казакстан университеттеринин студенттери катышты. Онлайн бөлүмдө студенттерибиз мыкты презентацияларды жасап, сыйлыктуу орундарга ээ болушту. Белгилей кетсек, 4-курстун студенти Сулайманов Сайдулла Асадуллоевич Томск университетинин студентинен кийин эле 2-орунга ээ болду. Ошондой эле Усон кызы Нуркан менен Абдумомун кызы Уулжан 3-орунга татыктуу болушту.
199 17:32 02-12-2022

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|