Жанылыктар

ОшМУга Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги келди

Венгриянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Шандор Дороги баштаган делегация ОшМУга иш сапары менен келди. Делегация ректор К.Кожобеков менен жолугуп, Венгриянын жогорку окуу жайлары менен кызматташуу алакаларын бекемдөө, билим берүү программаларын ишке ашыруу, биргелешип илимий, маданий иш-чараларады өткөрүү, окутуучулардын, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн арттыруу багыттары боюнча сүйлөшүштү. Элчи мырза Шандор Дороги жолугушууда өзү менен ала келген, венгер элинин тарыхы, аймактары боюнча китептерди тапшырды. Ошондой эле, ал ОшМУга алгачкы ирет келгенин, окуу жай ага жакшы таасирлерди калтырганын баса белгиледи. 2021-жылы эл аралык мамилелер факультетинде венгер тили жана маданияты борбору ачылган. Бүгүнкү күндө борбор ийгиликтүү иштеп, 20дан ашуун студент венгер тилин үйрөнүүдө. Аталган борбордун венгер тили мугалими Давид Киралынын жардамы менен көптөгөн студенттер Hungaricum программасына катышып, Венгриянын ЖОЖдоруна барып окуп келүүдө. 2022-2023-окуу жылында Венгриянын университеттеринде Hungaricum программасы боюнча Эл аралык мамилелер факультетинин 3 студенти билим алууда. 2022-жылы 3 студент Венгриядагы Балаши жайкы мектеп программасына барып келген. Мындан сырткары Эл аралык мамилелер факультети Венгриянын башка ЖОЖдору менен кызматташуу алакаларын түзүү аракетинде. Ал эми 2023-жылдын жазында Бишкекте эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы байланышты күчөтүү максатында Кыргызстан жана Венгрия ЖОЖдорунун ректорлорунун форуму өткөрүлөт
185 16:04 26-01-2023

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|