Жанылыктар

Благотворительно-спортивное мероприятие

Бүгүн 22.12.22 сонун датада 2-курстун студенттери жаштар комитетинин колдоосу менен кайрымдуулук жана спорттук иш-чара өткөрүштү. Армрестлинг, кыргыз тилине которгондо "Кол күрөш" дегенди билдирет. Мелдешке ар кайсы курстагы кыздар да, балдар да катышты. Эң чоң активдүүлүктү 2-курстун студенттери көрсөтүштү. Балдар арасында МО1-21 тайпасынын студенти Дүйшөев Азизбек Сабырович, ал эми кыздар арасында МО3-21 тайпасынан Тавалдинва Элиза сыйлуу белектерге ээ болушту. Бирок, мунун баары кайрымдуулук иштерине, “Боорукердик” пансионатына жардам берүүгө шарт болду. Болжол менен 2 жума мурун студенттер акча чогулта башташты (колунан келишинче, ким канчага боор оорубайт) ал акча кийинчерээк "Боорукердик" пансионатына жардамга кете турган, бул тууралуу өзүнчө макала болот.
182 11:23 23-12-2022

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|