News

КӨП ТИЛДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮ

2023-жылдын 23-24-ноябрында ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинде көп тилдүү билим берүү программасындагы мектепке чейинки билим берүү жана башталгыч класстарды окутуу адистигиндеги эскперименталдык тайпаларга орус тили, дүйнөлүк тарых, табият таануунун негиздери предметтеринен ачык сабактар болду. Окутуучулар Г.Б, Түмөнбаева, Г.Б.Эрназарова, Н.Эргешова жана Т.Кыдыралиевалар сабак өтүп, өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Бул сабактарга көп тилдүү билим берүү программасынын жогорку окуу жайларындагы координаторлору, эксперттер В.А.Булатова, В.К.Дейчман сабактарга жакшы баа беришип, пайдалуу усулдук кеңештерин айтышты.
99 07:21 28-11-2023

                 

News

|< 1 2 3 >|