News

Студенттин жеке окуу планы, электрондук журнал...

2022-2023-окуу жылынын башталышында ОшМУнун бардык кызматкерлери үчүн жаңы окуу жылына жаңы ситстеманын ишке киришинин алкагында “Студенттин жеке окуу планын уюштуруу жана электрондук журналды иштетүү” деген темадагы семинар уюштурулду.

Семинарда төмөндөгү маалыматтар каралып өттү:

1.QR-code: ОшМУнун бардык факультетттеринде жана окуу канааларында QR-code системасы орнотулуп, студенттердин сабакка катышуусун жөнгө салып, ар бир өтүлгөн сабактын алдында студенттер QR- кодун колдонушат.

2.Электрондук журнал: Окутуучулар жаңы системанын алкагында “ОшГУ преподаватель” мобилдик тиркемесин колдонуу менен журналды электрондук тартипте толтурушат. Бул кадимки журналды тотургандай эле тартипте жүргүзүлөт.

3.1-курстар үчүн окутуучуларды тандоо мүмүкүнчүлүгү: Бул ыкмада окутуучу өзүнүн окутуу методун видео ролик аркылуу ютуб каналына жайгаштыруу менен анын ссылкасын, окуу программасын жана резюмесин “ОшГУ проподватель” системасына жүктөйт. Ошол аркылуу студент окутуучуну тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Аталган семинарда медицина факультетинин жалпы хирургия кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы активдүү катышты.

153 14:50 30-08-2022

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|