News

ОшМУнун медицина факультеттинин окутуучулары «КММА-2023 илим күндөрү» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышышты.

2023-жылдын 12-14-апрель күндөрү И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында «КММА-2023 илим күндөрү» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Эл аралык илимий-практикалык конференцияга И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректорунун чакыруусу боюнча ОшМУнун медицина факультеттинин жалпы хирургия кафедрасынын башчысы м.и.д., профессор Муратов А.А. жана кафедранын окутуучусу Мадалиев Т.Т. катышышты. Эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында студенттер арасында өткөн конкурста ОшМУнун медицина факультеттинин жалпы хирургия кафедрасынын башчысы м.и.д., профессор Муратов А.А. калыстар тобунун мүчөсү болду, ал эми жалпы хирургия кафедрасынын окутуучусу Мадалиев Т.Т. жаш окумуштуулардын симпозиумунда өзүнүн диссертациялык эмгегинин негизинде “Организация хирургического лечения осложненного холецистита” аттуу темасында доклад жасады. Бул илимий эмгек "И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жарчысы" илимий журналында жарык көрмөкчү. Ошондой эле конференциянын катышуучулары Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин 30-жылдык юбилейлик илимий-практикалык конференциясына профессор А.А.Муратов тарабынан чакырылды. Чакыруу жылуу кабыл алынып, кызыгуу пайда кылды.
165 06:23 15-04-2023

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|