News

Өндүрүштө студенттердин көндүмдөрүн калыптандыруу (семинар)

2022-жылдын 10-декабрында жалпы хирургия кафедрасынын башчысы, профессор Муратов Абдижалил Абдыразаковичтин жетекчилиги астында жана кафедранын окутуучуларынын катышуусу менен 2-курстун студенттери үчүн кышкы өндүрүштүк практиканын алдында “Өндүрүштө студенттердин көндүмдөрүн калыптандыруу” деген темадагы семинар болуп өттү. Аталган семинарда студенттердин практикада теориялык билимин практикага туура колдонууну, өзүн алып жүрүү этикасын, техникалык коопсуздук эрежелерин сактоосун жана өндүрүштүк практиканы өтөө мөөнөтү жөнүндө маалымат берилди. Семинардын жүрүшүндө 2-курстун студенттери активдүү катышып, алар тарабынан бир нече суроолор берилди.

183 15:42 10-12-2022

                 

News

|< 1 2 3 4 5 >|