News

Факультетте IV-Матикеевдик окуулар болуп өттү

6-декабрь куну ТТТАТФде г.и.д., проф. А.Г.Низамиевдин демилгеси менен жыл сайын өткөрүлүүчү IV-"Матикеевдик окуулар" болуп өттү. Окуулар Кыргызстандын ири географ окумуштуусу, г.и.д., профессор Курманалы Матикеевдин илимий ишмердүүлүгүн, бай педагогикалык тажрыйбасын талдоо жана жаш окумуштуулардын жетишкендиктерине баа берүү максатында өткөрүлөт. Быйылкы иш-чарага магистранттар, студенттер өз илимий изилдөө жумуштарын сунуштап, баяндоолорду кылышты. Адаттагыдай эң мыкты баяндоолорго сертификаттар, баалуу белектер уюштуруу тобу тарабынан берилди. Окууларга атайын чакырылган коноктор, алардын ичинде К.Матикеевдин окуучулары, учурда география илимине салым кошкон илимпоздор: г.и.к., доц. Т.Матикеев; г.и.к., доц. А.Аккулов; г.и.к., доц. З.Шербаева; г.и.к., доц. К.Самиев; г.и.к., доц. Б.Сатыбалдиев; г.и.к., доц. Э.Алайчиев, г.и.к., доц. Э.Обдунов, п.и.к., доц. А.Зулушова, Кыргыз-Ѳзбек Эл аралык университетинен г.и.к., доц. Л.Камилова, ж.б. катышып, география сабагын берүүдөгү учурдагы маселелерди талкуулашты.
349 08:33 08-12-2022

                 

News

|< 1 2 3 4 >|