News

Кафедра окутуучулары Самарканд мамлекеттик университетинде

ОшМУнун Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин «Физикалык география, Кыргызстандын географиясы жана ТТК» кафедрасынын башчысы, г.и.к., доцент З.Э. Шербаева, улук окутуучулар У.И. Исакова, Ж.Т. Шерматова, окутуучу Р.Р. Шаимкулова 2022-жылдын 2-3-декабрь күндөрү Өзбекстандын Ш.Рашидов атн. Самарканд мамлекеттик университетинин география жана экология факультетинин география жана геология багытында окуган студенттерине конок лекцияларды өтүштү. Кафедранын окутуучулары ландшафт таануу, гидрология жана климатология, топонимика, биогеография дисциплиналарынан сабактарды өтүшүп, студенттерди Кыргызстан жаратылышынын шарттары менен тааныштырышты. Студенттердин кызыктуу суроолоруна жооп беришип, аларды мобилдүүлүк боюнча Ош мамлекеттик университетине окууга чакырып, эки университет ортосунда кызматташууну күчөтүү зарылдыгын белгилешти.
317 10:38 14-01-2023

                 

News

|< 1 2 3 4 >|