News

"V Матикеевдик окуулар" илимий конференциясы болуп өттү

Кечээ, 5-декабрь күнү Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде илимий иш-чара "V Матикеевдик окуулар" ФГ,КГ жана ТТК кафедрасы тарабаныан уюштурулуп, кичи жыйындар залында өттү. Традицияга айланган бул иш-чара жыл сайын г.и.д., профессор Матикеев Курманали агайдын туулган күнүнө карата, декабрь айында өткөрүлөт. Илимий практикалык конференцияны ТТАТФнин деканы, г.и.д., профессор Низамиев А.Г. ачып, куттуктоо сөзү менен бирге бардык катышуучуларга илимий иштеринде ийгиликтерди каалап кетти.

Иш-чарага ОшМУнунун илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору ф-м.и.к., доцент Арапбаев Р.Н., х.и.д., профессор Алтыбаева Д.Т. жана башка чакырылган коноктор өз сөздөрүндө агайдын Кыргызстанда география илиминин өнүгүшүнө, ОшМУдагы илимий иштердин алга жылуусуна тийгизген зор салымын баса белгилешти.

Конференцияга көптөрөн агайдын шакирттери, алардын ичинде г.и.к., доценттер: Матикеев Т.К., Шербаева З.Э., Самиев К.Т., Эргашев С.Э., Аккулов А.У., Обдунов Э.А., Сатыбалдиев Б.С., Алайчиев Э.К., Момошева Г.А., п.и.к., доцент Зулушова А.Т., т.и.к., доцент Абжапарова Д.А., улук окутуучулар Калилов К.Д., Кенешбаева Д.С., Исакова У.И., Шерматова Ж.Т., Султанов Ж.М., окутуучулар Шаимкулова Р.Р., Аташбаев А.М., Мейманова Э.М., Базарбаева Г.Б., Токторов Н.М., Сапарбай к. Э. ж.б. катышышты.

"V Матикеевдик окуулар"га жазылган илимий макалалары боюнча жаш окутуучулар, магистранттар, студенттер билдирүүлөрүн жалпы жамаатка сунуштап, ар бириси талкуу жаратып, угуучулар тарабынан сунуштар, сын-пикирлер айтылды. Декабрь айынын ичинде атайын комиссия илимий конференцияга сунушталган макалалардын жыйнагын даярдап, ал басмага берилет.

324 05:19 06-12-2023

                 

News

|< 1 2 3 4 >|