Haber

"Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" багытынын студенттерине Ош шаардык Кеңешинин адистери конок лекция өтүштү.

Ош шаардык Кеңешинин башкы адиси Н.Джудашева жана юристи М.Давляев шаардык кеңештин ишмердүүлүгү боюнча студенттерге кеңири маалымат берүү максатында “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” багытынын студенттери үчүн атайын конок лекция өтүп беришти. Лекторлор Ош шаардык Кеңеши жөнүндө кенен маалымат берүү менен бирге жумушка кирүү процесси, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруучулардын квалификациясын жогорулатуу боюнча түзүлүп жаткан шарттар, бул тармакта чет элдик тажрыйбалар менен тааныштырышты.

1840 17:00 31-03-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|