Haber

"Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" кафедрасы республикалык студенттик конференция өткөздү.

ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультетинин Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу кафедрасы, өлкөбүздү өнүктүрүү үчүн өз салымын кошууга белсенген, ар тараптуу билим алууга умтулган, аракетчил, лидер жаштардын башын бириктирген республикалык студенттик конференция өткөрдү. Конференция 2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылына карата "Азыркы мезгилдеги жаштардын маданий жана нравалык баалуулуктары" темасында болуп, ага Кыргызстандын түрдүү университеттеринин эң алдыңкы студенттери келип катышышты.

Конференция 2 секцияда журуп, катышуучулар азыркы жаштардын коомдогу орду, маданияты, диний көз караштары, нравалык баалуулуктары боюнча докладтарды окушуп, талкуу жүргүзүштү. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, факультет тарабынан атайын дипломдор жана белектер тапшырылды.

1604 18:12 21-04-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|