Haber

“Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” багытынын студенттерине Мамлекеттик миграция кызматынын башкы адиси А. Бекмурзаев лекция окуду

Мамлекеттик миграция кызматынын башкы адиси А. Бекмурзаев «Мамлекеттик миграция кызматынын ишмердүүлүгү» жана «Кыргыз Республикасындагы миграциялык абал» деген темаларда “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” багытынын бүтүрүүчү курсунун студенттери үчүн лекция окуду.

А.Бекмурзаев лекцияда студенттерге ишмердүүлүгүндөгү жетишкен ийгиликтери тууралуу айтып берип, буга чейинки иш тажрыйбасы менен бөлүштү.

«Урматтуу студенттер, силерде азыр толук кандуу, ар тараптуу билим алууга өтө чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Убагында жакшы окуп, тажрыйба топтогонго аракет кылгыла. Себеби, келечек жаштардын колунда. Баардык ийгиликтер майда иштен башталат. Кыйынчылыктардан коркпош керек, маселе чечүүдөн качпагыла. Акчага кызыкпай, мамлекеттик кызматта иштеп, өлкөңөргө пайда келтирген патриот жаштардан болгула», - деди А. Бекмурзаев

Ошондой эле лекциянын жүрүшүндө студенттер Мамлекеттик миграция кызматынын иштери жана пландары тууралуу маалымат алышты.

Жолугушуунун аягында А.Бекмурзаев студенттердин кызыктуу суроолоруна жооп берди.

1806 11:31 15-04-2017

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|