Haber

ОшМУда «Кыргызстанымдын желеги – жүрөгүмдө желбирейт!» мекенчилдик иш-чарасы уюштурулат

2014-жыл Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылына жана 3-март Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги кабыл алынган күнүнө карата студенттерди мекенчилдикке (патриоттуулукка) тарбиялоо, жаштарга Кыргыз Республикасынын атрибуттарын таанытуу ошондой эле даңазалоо, Кыргыз Республикасынын желегине коомчулуктун көңүлүн буруу жана ага урматтоо сезимдерин калыптандыруу максатында «Кыргызстанымдын желеги – жүрөгүмдө желбирейт!» деген ураандын астында тарбия департаменти тарабынан уюштурулат. ОшМУнун ар бир факультет, коллеждеринде жана университеттин башкы имаратынын алдында 3-март күнү эрте мененки саат 8:20да жалпы салтанаттуу жыйын уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын гимни ырдалып, Кыргыз Республикасынын, ОшМУнун желеги көтөрүлөт. Андан соң Кыргыз Республикасынын желеги жөнүндө кыскача тарыхый-философиялык баяндама жасалып, куттуктоолор айтылат.
2794 12:11 02-03-2014

                 

Haber

|< 1 2 >|