Haber

ОшМУда спорттук иш-чаралардын жаңы планы кабыл алынды

Буга чейин университетте спартакиадалар бир жылда бир гана жолу уюштурулуп келсе, жаңы иш планга ылайык мындан ары ар бир айда бирден спорттун түрү боюнча университеттик деңгээлде студенттердин арасында өзүнчө, окутуучу-кызматкерлер ортосунда өзүнчө жана жатаканалар арасында өзүнчө мелдештер уюштурулуп турмакчы. Ар бир спорттун түрүнө ОшМУнун проректорлору жана департамент директорлорунан ички федерация президенттери дайындалып, аларга мелдештерди уюштурууга ар тараптан көмөктөрүн көрсөтүп туруу жоопкерчилиги жүктөлдү. Мындай планды кабыл алууга ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамын, кызматкерлерин жана студенттерин жыл бою үзгүлтүксүз спортко тартуу, алардын ден соолугун чыңдоо, сергек жашоо образына үндөө; жамааттагы ынтымакты, биримдикти бекемдөө максаттары негиз болду. Бул айдын 26-27-28-февраль күндөрүндө стол тенниси боюнча мелдеш өткөзүлгөнү жатат.
2396 14:32 03-02-2014

                 

Haber

|< 1 2 >|