ОшМУнун “Эң мыкты тайпалары” Сулайман тоого ишембиликке чыгышат
09:18
15-март күнү ОшМУнун ондон ашуун студенттик тайпасы Сулайман тоого чыгышып, жазгы тазалоо иштерин жүргүзүшкөнү жатышат. Университетте акыркы 5 жылдан бери «Эң мыкты студенттик тайпа», “Жылдын куратору” сыяктуу тарбия ишине стимул берүүчү сынактар үзгүлтүксүз уюштурулуп, жеңүүчүлөрүнө Ысык-Көл, Сары-Челек, Арстанбап, Абшыр-Ата, Ак-Буура эс алуу жайларына жолдомолор берилип келүүдө. Бул жолдомолорду жеңип алуу үчүн кураторлор менен тайпанын студенттери эң жакшы окуу менен бирге жыл бою коомдук-маданий, спорттук иш-чараларга, ишембиликтерге активдүү катышуулары зарыл.
Мындан сырткары 14-15-март күндөрү ошМУнун бардык факультеттеринин төмөнкү курсттарынын студенттери Ак-Буура дарыясынын жээктеринде, шаардагы эс алуу бактарында ишембиликтерди өткөрүшмөкчү.
2333 09:18 13-03-2014