Haber

ТТАТФда АТА-ЭНЕЛЕР МЕНЕН СТУДЕНТТЕРДИН ОРТОСУНДА АЧЫК САБАК БОЛУП ӨТТҮ

20-апрель күнү Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде география адистигинин 2-курсунун жана туризм адистигинин 1-курсунун студенттеринин ата-энелерине чогулуш болуп өттү! Алгач, студенттер тарабынан даярдалган ата-эне жөнүндө көркөм окуу, ырлар окулуп, өздөрүнүн колдорунан жасалган чакан белектерди беришти! Андан соң, ата-энелерге 600200-туризм программасынын Мамлекеттик стандарты, анын негизинде түзүлгөн Окуу планы менен негизги билим берүү программасы (НББП), тааныштырылып, сунуштар кабыл алынды. ОшМУнун ачык айкындуулугу, AVN автоматташтырылган системасы, электрондук китепканалар, факультеттин сайты, жетишкендиктери, ийгиликтери жана студенттердин жакшы окуусу үчүн түзүлгөн окуу корпусундагы шарттар, (аудиториялык фонд) прафессордук-окутуучулук курам, сыймыктуу бүтүрүчүлөр, студенттердин сабактарга жетишүүсү, катышуусу менен тааныштырып, жашоодогу эң негизги сапат ЖООПКЕРЧИЛИК деген темада ата-энелер менен студенттерге 45 минуттук семинар өтүлдү! Ата-энелер менен суроо жооп, талкуу болуп, кызыккан суроолоруна жоопторду алышты!
65 06:35 24-04-2024

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|