Haber

Кыргыз тили жана Айтматов ааламы

Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин студентттери тарабынан "Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аттуу маданий иш-чара Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өткөрүлдү. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган маданий иш-чарага ОшМУнун Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору Шарипова Мастура Сайпидиновна, ОшМУнун илимий китепканасынын директорунун орунбасары Козубек кызы Гулшайыр, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы акимдин орун басары Мырзакулов Рахимбек Саитович жана коллеждибиздин директору Станбаев Өзгөнбөй Тиллебаевич, колледждин окутуучулук курамы жана студенттер катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик администрациясында Кыргыз тилине арналган китептердин жана Ч.Айтматовдун китептеринин көргөзмөсү уюштурулуп, келген конокторго тааныштырылды. Иш-чараны коллеждибиздин директору Станбаев Өзгөнбөй Тиллебаевич ачып берип, куттуктоо сөзүн айтты. Келген конокторго студенттер тарабынан даярдалган сахналык көрүнүштөр тартууланды. Залкар жазуучунун "Ак кеме", "Жамийла", "Бетме бет", "Саманчынын жолу", "Кызыл алма", "Эрте келген турналар", "Биринчи мугалим" жана "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармаларындагы башкы каармандарды сахнада студенттер көрсөтүштү. Ч.Айтматовдун калемине таандык "Ыссык-Көлдү сагынуу" чыгармасы аткарылып, иш чара концерттик программа менен жыйынтыкталды. Келген коноктор алкышынтарын айтып, иш чара жогорку деңгээлди уюштурулуп, өткөрүлгөндүгүн белгилешти. ОшМУнун Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору М.С.Шарипова уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, А.А.Маманованы жана Э.С.Каримбаевди ОшМУнун Ыраазычылык катына сунуштады.
323 05:00 08-12-2023

                 

Haber

|< 3 4 5 6 7 >|