Haber

12-декабрь Кыргызстанда Улуттук адабият күнү

Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына каратат ОшМУнун бардык факультет-колледждеринде "Айтматовдун Каармандары ОшМУда" аталышындагы иш чаралар уюштурулган. 12-декабрь Улуттук адабият күнү Кыргызстанда жыл сайын белгиленип келет.Бул күнгө карата ОшМУнун башкы имаратында "Кыргыз тили жана Чыңгыз Айтматов ааламы" аталышындагы жыйынтыктоочу иш чарасы өттү. Аталган иш чарада Өзгөн эл аралык медициналык колледжинин директордун тарбия иштери боюнча орун басары Э.С.Каримбаев ОшМУнун Ардак грамотасы менен, колледждин китепканачысы А.А.Маманова Диплом менен жана студенттер Н.Турушева жана Н.Сапарбаева Ыраазычылык баракчасы менен сыйланышты.
332 07:33 13-12-2023

                 

Haber

|< 3 4 5 6 7 >|