Haber

1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк ВИЧ-СПИД оорусуна каршы күрөшү күнүнө карата мелдеш өткөрүлдү

2023-жыл 16-декабрь күнү ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжинини студентттери арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү. Мелдеш 1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк ВИЧ-СПИД оорусуна каршы күрөшү күнүнө карата бир айлык акциянын алкагында Райондук маданият бөлүмүнүн колдоосу менен Бахмал орто мектебинин спорт залында өткөрүлдү. Спорттук мелдеш Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни менен башталып, студенттерге жугуштуу оору тууралуу жугуштуу оорулар дарыгери маалымат берди. Мелдештин спорттун кол күрөш, таш көтөрүү (гиря), кап менен секирүү, аркан тартышуу түрлөрү боюнча өткөрүлдү. Өзгөн райондук маданият бөлүмүнүн башкы адиси Сапарали уулу Аскар студенттерди куттуктап, бөлүм тарабынан берилген белектерди жана дипломдорду байгелүү орундарды ээлеген командаларга жана активдүү катышкан командаларга тапшырды. Иш чаранын максаты - дени сак жашоого үндөө.
480 15:02 09-01-2024

                 

Haber

|< 3 4 5 6 7 >|