Коомдук жана тарбиялык иштери
"ЖИБЕК ЖОЛУ - 2024" МАССАЛЫК ЧУРКОО ЖАРЫШЫ. Ош мамлекеттик университетинин 85 жылдык маарекесине карата "Жибек жолу - 2024" массалык чуркоо жарышы өткөрүлдү. Марафонго "Терапиялык дисциплиналар" ПЦКсынын окутуучулары: Ажимаматова Нургуль, Борсонов Алимбек, Таджибаева Айсалкын, Ураимова Эльмира, Кеңешова Гулира, Султанова Айпери жана Асилбек кызы Айидалар катышышып, байгелүү орундарга ээ болушту. Марафонго катышкан окутуучуларыбызга ыраазычылк билдиребиз.


24-МАРТ - БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КУРГАК УЧУККА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ. 2023-жылдын 20-мартында Ош МУнун медициналык колледжинин 1-курс жана 2-курсунун студенттерине "Терапиялык дисциплиналар" ПЦКсынын окутуучулары «Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай» коомунун Ош областтык филиалынан келген ыктыярчы менен биргеликте «Кургак учуктун алдын алуу» деген темада маалымат лекция өтүп беришти. Студенттерде аябай кызыгуу жаралып, суроо берип, жооп алышты. Катышуучуларга “Кургак учуктун алдын алуу” боюнча эстеткичтер таратылды.


1-ДЕКАБРЬ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК СПИДге КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КҮНҮ. Бул күнгө карата “Терапиялык дисциплиналар” ПЦКсынын окутуучулары Э.Ураимова, Ч.Амирова, Н.Ажимаматова А.Машрабовалар мыкты деңгээлде иш-чара уюштурушту. Иш-чарага Ош областтык СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунун дарылоо бөлүмүнүн башчысы Моторов Улукбек Төлөмүшевич жана Ош МУнун аялдар кеңешинин төрайымы Сейитказыева Гулнара Имамалиевналар конокко келишти. Иш-чараны медициналык колледжинин директору м.и.к., доцент З.С.Арынов ачып берди. Андан кийин 1-курстар арасында 4 команда КВНге катышты. Аягында сыйлоо баракчалары берилди. Иш-чара учурунда вирусту аныктоо максатында экспресс тест жүргүзүлүп, жыйынтыгы 20 минутада билинди. Директор, окутуучулар, студенттер тесттен өтүштү.


НООРУЗ – ЖАЗ АЛЫП КЕЛГЕН “ЖАҢЫ КҮН” МАЙРАМЫ. “Терапиялык дисциплиналар” ПЦК сы «Мээрим» ресторанында кесиптештерге майрамдык маанай тартуулашты. Дасторкон улуттук тамактар менен толтурулуп, оюн-зооктор уюштурулуп, жогорку денгээлде өттү.


КУРАТОРДУК ГРУППАДАГЫ СТУДЕНТТЕР ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ


ТЕРАПИЯЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ЦИКЛЫНЫН ОКУТУУЧУЛАРЫНЫН №6 ЖАТАКАНАДАГЫ КӨЗӨМӨЛ ЖҮРГҮЗҮҮ ГРАФИГИ


ТЕРАПИЯЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ЦИКЛЫНЫН КУРАТОРЛОРУ


ТЕРАПИЯЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ПЦКсынын 2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ТАРБИЯЛЫК ИШТЕРИНИН ПЛАНЫ ТЕРАПИЯЛЫК ДИСЦИПЛИНАЛАР ПЦКсынын 2022-2023-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ТАРБИЯЛЫК ИШТЕРИНИН ПЛАНЫ