Ыйман гимназиясы

«Ыйман» гимназиясы 2013-жылдын сентябрь айында Түркия “Диянет” фонду, Түркия Билим берүү министрлиги жана ОшМУ менен биргеликте түзүлгөн протоколдун, Ош мамлекеттик университетинин уставынын негизинде, ректордун буйругу менен “Ыйман” лицейи болуп ачылган. Ал эми ОшМУнун Окмуштуулар Кеңешинин 2015-жылдын 29-августундагы №1 токтомуна ылайык, ректордун №556/1 буйругу менен “Ыйман” лицейи “Ыйман” гимназиясы болуп өзгөртүлдү.

«Ыйман» гимназиясы – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген базистик окуу планына ылайык окуу-тарбия процессин жүргүзѳт.

Гимназия "Заманбап билимди таалим-тарбия менен айкалыштыруу аркылуу ар тараптуу, ыймандуу, адептүү, мекенчил жаштарды тарбиялоо” деген ураандын негизинде иш алып барууда. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлүп, 8-класстан окуучуларды кабыл алат. Гимназия окутуу процессин бекитилген атайын жобого таянып жүргүзѳт.

Гимназиянын жамааты ѳзүнүн алдына тѳмѳнкү милдеттерди коюп келет:

- Окуучуларга программадагы сабактарды жеткиликтүү окутуу менен бирге кошумча сабактарды жогорку деңгээлде окутуу;

- Араб жана түрк тилдерин тереңдетип окутуу;

- Компьютердик сабаттуулугун арттыруу;

-Мекенди сүйүүгѳ жана ыймандуулукка багыттап, таалим-тарбия менен мекенчилдик сезимин арттыруу;

-Адеп-ахлактык маданиятын калыптандыруу процессинде окутуунун алдыңкы, эффективдүү усулдарын колдонуу.