Ыйман гимназиясы

«Ыйман» гимназиясы 2013-жылдын сентябрь айында Түркия “Диянет” фонду, Түркия Билим берүү министрлиги жана ОшМУ менен биргеликте түзүлгөн протоколдун, Ош мамлекеттик университетинин уставынын негизинде, ректордун буйругу менен “Ыйман” лицейи болуп ачылган. Ал эми ОшМУнун Окмуштуулар Кеңешинин 2015-жылдын 29-августундагы №1 токтомуна ылайык, ректордун №556/1 буйругу менен “Ыйман” лицейи “Ыйман” гимназиясы болуп өзгөртүлдү.

Азыркы учурда гимназияда Кыргыз тараптан жана Туркия тараптан дайындалган директорлор жетектейт. Андан сырткары окуу тарбия иштери боюнча жана уюштуруу, контракт иштери боюнча директордун орун басарлары, социалдык педагог иш алып барат.

Ыйман гимназиясында үч усулдук бирикме бар.

1.Тилдер жана гуманитардык илимдер усулдук бирикмеси.

2.Так жана табигы илимдер усулдук бирикмеси.

3.Дин таануу усулдук бирикмеси.

Гимназияда жалпысынан 29 мугалим эмгектенет. Алардын ичинде

1 “Билим берүүнүн мыктысы”,6 магистр бар.

«Ыйман» гимназиясы – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген базистик окуу планына ылайык окуу-тарбия процессин жүргүзѳт.

Гимназия "Заманбап билимди таалим-тарбия менен айкалыштыруу аркылуу ар тараптуу, ыймандуу, адептүү, мекенчил жаштарды тарбиялоо” деген ураандын негизинде иш алып барууда. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлүп, 8-класстан окуучуларды кабыл алат.

Гимназия окутуу процессин бекитилген атайын жобого таянып жүргүзѳт. Мамлекеттик программадагы окуу предметтеринен сырткары араб тили, түрк тили, диндер тарыхы, адеп сабактары окутулат. Мамлекеттик программадагы сабактарды ОшМУнун тажрыйбалуу мугалимдери окутушат. Ал эми ыйман багытындагы сабактарды ОшМУнун макулдугу менен Туркиядан келген кѳп жылдык тажрыйбасы бар жана ОшМУнун теология факультетин бүтүргѳн мугалимдер окутушат.