ПЦКнын тарыхы

Кафедранын тарыхы

Размеры изображения

Индустриалдык-педагогикалык колледждин “Орто кесиптик билим берүүдөгү тилдер” кафедрасы ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен 2019-жылдын 9-июлунда ректордун № 576 буйругунун негизинде ачылган. Кафедрада учурда п.и.к., доцент Байтикова Бактыгүл Батырбековна №579 буйруктун негизинде 2019-жылдын 9-июлунан тартып кафедра башчы милдетин алып барат. “Орто кесиптик билим берүүдөгү тилдер” кафедрасында окуу-усулдук иштерди уюштуруу, окутуучулардын жигердүү иштөөсү үчүн керектүү шарттарды түзүү аракеттери улам жасалып, кафедраны п.и.к., доцент Байтикова Бактыгүл Батырбековна ийгиликтүү жетектеп келе жатат. Учурда кафедрада 18 ПО курам, 1 лаборант (штаттык) жана бир нече окутуучу, улук окутуучу айкалыштырылган кызматта (совместитель) эмгектенишүүдө . № 3514 буйругунун негизинде Эл аралык билим бер үү программалары колледжинин кыргыз тили жана адабияты,манас таануу ПЦКсынын окутуучусу 2021-жылдын 1-сентябрынан баштап аталган ПЦКнын төрайымы кызматына дайындалды.