学科周期委员会的历史
Кафедранын тарыхы Индустриалдык-педагогикалык колледждин “Орто кесиптик билим берүүдөгү тилдер” кафедрасы ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинин чечими менен 2019-жылдын 9-июлунда ректордун № 576 буйругунун негизинде ачылган. Кафедрада учурда п.и.к., доцент Байтикова Бактыгүл Батырбековна №579 буйруктун негизинде 2019-жылдын 9-июлунан тартып кафедра башчы милдетин алып барат. “Орто кесиптик билим берүүдөгү тилдер” кафедрасында окуу-усулдук иштерди уюштуруу, окутуучулардын жигердүү иштөөсү үчүн керектүү шарттарды түзүү аракеттери улам жасалып, кафедраны п.и.к., доцент Байтикова Бактыгүл Батырбековна ийгиликтүү жетектеп келе жатат. Учурда кафедрада 18 ПО курам, 1 лаборант (штаттык) жана бир нече окутуучу, улук окутуучу айкалыштырылган кызматта (совместитель) эмгектенишүүдө. № 3514 буйругунну негизинде Эл аралык билим берүү программалары колледжинин кыргыз тили жана адабияты,манас таануу ПЦКсынын окутуучусу 2021-жылдын 1-сентябрынан баштап аталган ПЦКнын төрайымы кызматына дайындалды. Кафедранын миссиясы, максаттары жана милдеттери Колледждерде студенттердин кыргы тили, орус тили жана англис тили предметтери боюнча таалим тарбия алышы, аны практикада колдоно билиши, тилдерди окутуунун максатын аныктайт.Окуу процессиндеги жогоруда аныкталган максаттар 4 компетенттин негизинде ишке ашырылат. - билим берүүчүлүк; - өркүндөтүүчүлүк; - тарбия берүүчүлүк; - практикалык; 1. Билим берүүчүлүк компетенттин максаты – лингвистикалык жана филологиялык илимдердин негиздерин таанып-билүү аркылуу студенттердин кругозорун кеңейтүү жана кыргыз, орус, англис элинин сүйлөө маданиятын терең өздөштүрүүгө жетишүү. 2. Өркүндөтүүчүлүк компенентинин максаты – кыргыз, орус, англис тилдери боюнча өздөштүргөн билимдерин андан ары тереңдетип өнүктүрүү, тил табиятына жана көркөм сөз өнөрүнө болгон кызыгууну арттыруу. 3. Тарбиялык компоненттин максаты – кыргыз, орус, англис элинин көркөм сөз өнөрүнүн бай казынасы менен тааныштыруу, аларды элдик каада-салтын, үрп-адатын, адеп-ахлагын, коомчулук алдындагы адамдык парзын адабий тексттерде көркөм берилиши аркылууэлдик рухий дүйнөнү таанытуу, улуттук аң-сезимин өнүктүрүү. 4. Практикалык компоненттин максаты – кыргыз, орус, англис тилинин практикалык курсу жана сүйлөшүү, жазуу ишмердүүлүгү боюнча алган билгичтиктерин, көндүмдөрүн, баалуулуктардын турмуштун ар түрдүү кырдаалдарында колдоно билүү. Ал эми кыргыз, орус, англис тилин үйрөтүүдөгү негизги максаттар төмөндөгүдөй милдеттердин ишке ашырылышын көздөйт: 1. Турмуштук кырдаалдар боюнча сүйлөшө турган жана окула турган тексттердин тематикаларын аныктоо; 2. Тилдик материалдардын курулуш каражаттарын (фонетикалык, лексикалык, грамматикалык) аныктоо; 3. Билим берүүнүн гумандаштыруу процессине басым жасоо; 4. Мурдагыдай маалыматтык “билимдик” мамилеге эмес, өнүктүрүүчү жана ишмер мамилеге басым жасоо; 5. Билим алууга жоопкерчиликтүү, аң-сезимдүү мамиле жасаган социалдык жактан активдүү инсанды тарбиялоого багыт берүү;