“САЛТАНАТ” ЭЛДИК АСПАПТАРДЫ ОЙНООНУ ҮЙРӨТҮҮ ИЙРИМИ




Жетечиси Абдувалиев Бекболот Осмоналиевич
ОшМУнун доценти. Ыбырай Туманов атындагы
сыйлыктын ээси, маданияттын мыктысы.

      "Салтанат" фольклердук ансамбли 2011-жылы ОшМУнун Р.Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борборунун (учурдагы Р.Абдыкадыров атындагы Таланттар академиясынын) астында түзүлгөн. Бул ийримде Ош МУнун студенттери кыргыз музыкалык аспаптарында; -комуз, кыл кыяк, чопо чоор, ж.б. урма аспаптарды ойноону өздөтүрүп, элдик күүлөрдү чертүүнү салттуу элдик ырларды ырдоону, алым-сабак айтыш, дастандарды үйрөнүшөт. О.э. "Салтанат" фольклердук ансамби эл аралык конкурс, фестивалдарга катышып, окуу жайдын түрдүү маданий массалык иш-чараларында концерттерди тартуулашат. Элибиздин салттуу музыкасы жайылтуу жана таанытуу максатында 2015-жылы Казакстандагы Чымкент шарындагы “Кыргыз этносунун тiлi, жэне маданияты салт-дэстүрлерi күнiне”-аттуу фестивальга катышып, 2016-жылы “Биринчи эл аралык этно маданият” фестивалына III-орунду камыз кылып, “Бүткүл дүйнөлүк этно фестивалы-2016” фольклердук жанрда элдик ырларды аткаруу боюнча 3-орунду, бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр өюнунда “Маш ботой” күүсүн чертүүгө катышып, “Ала-Тоо жазы -2017” фестивалныда элдик ыр боюнча 1-орунду камсыз кылып, 2018-жылы Казань Федералдык университетинде Л.Толстойдун 190-жылдыгана карата өткөрүлгөн эл аралык конкурсуна катышып, республикалык, областтык, шаардык деңгээлдеги кароо-сынак фестивалдардын жеңүүчүсү лауреаты аталган. “Салтанат” фольклердук ансамбли университтеттин жана Ош шаарында өткөрүгөн түрдүү концерттерге, эл аралык маданий массалык иш-чараларага байма-бай катышып таланттарын тартуулап келишет.

      Ийримдин катышуучулары: