Эстрадалык топ

Жетекчиси Р.Абдыкадыров атындагы конкурстун
жеңүүчүсү, эл аралык конкустардын лауреаты,
маданиятын мыкты кызматкери, ырчы, аткаруучу Айпери Кулбаева.


      Бул ийримде студенттер эстрада-вокалдык жанр боюнча таалим алышат. Бул ийримде аткаруучулук чеберчилик боюнча билимин калыптандырып, ар-түрүү маданий иш-чара конкустарга катышып студенттер өзүнүн жеке чыгамачылык концертин тартуулаганга жана чыгармачылык карьерасын түптөөгө жетишишет. Бул ийримден Казакстан эл аралык “Манас жаңырыгы” фестивалында “Алтын үн” наминацияснын ээси белгилүү ырчы Марсияна Дарманбекова. И.Жунусов атындагы стипедиянын ээси, бир нече эл аралык конкустун лауреаты Ош МУнун “Алтын үн” номинациясынын ээси ырчы, аткаруучу Нуртилек Абдикапаров, Элтуран Абдыкалык уулу ж.б. белгилүү ырчылар тарбияланган. Учурда республикалык сынактын жеңүүчү студенттери Арапов Алтынбек, Таалайбек к. Дамира, Акыш кызы Нилюфар, Тажибай к Мунира ж.б. таланттуу студенттер таалим алууда.