学科周期委员会吉尔吉斯语言和文学
3. Циклдын максаттары жана милдеттери Циклдын негизги милдеттери: • Эмгек рыногунун керектөөлөрүн эске алуу менен билим берүүнүн мазмунунун сапатын тынымсыз жогорулатуу, жаңы орус тилин окутуу; үзгүлтүксүз жана көп баскычтуу билим берүү системасын өнүктүрүү; жаңы билим берүү стандарттарына ылайыктуу сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу, алардын негизинде жаңы окуу пландарын жана программаларын, окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгуу, адистерди даярдоодо компетенттүүлүк мамилени ишке ашыруунун натыйжалуу механизмин иштеп чыгуу; студенттердин өз алдынчалыгын, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө даярдыгын, билимин такай жаңыртып туруу зарылдыгын өнүктүрүү, жогорку маданияттуу, коомдук активдүү өнүккөн инсандарды калыптандыруу; • сапат критерийлерин эске алуу менен окуу процессин уюштурууну жана жүргүзүүнү жакшыртуу, окуучулардын жетишкендиктерин объективдүү көзөмөлдөө; билим берүү маселелери боюнча окуу-методикалык жана башка ченемдик документтерди түзүү жана өркүндөтүү; окуу-методикалык жана материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртуу, заманбап билим берүү, анын ичинде дистанттык технологияларды киргизүү; потенциалдуу иш берүүчүлөрдү окуу процессине активдүүрөөк тартуу, билим берүү программаларын иштеп чыгууда алардын талаптарын эске алуу, орто кесиптик билим берүүнүн сапатын сырттан баалоого тартуу; • кесиптик орто билим берүүнүн региондук билим берүү түзүмүн өнүктүрүү жана өркүндөтүү; башка жогорку жана кесиптик окуу жайлары менен кызматташууну чыңдоо; •орто кесиптик билим берүүнүн окуу-тарбия иштеринин сапатын жана ички маданиятын жогорулатууга; өнөктөштүктүн, өз ара сый мамиленин негизинде студенттердин жана окутуучулардын адеп-ахлактык, инсандык өзүн-өзү ишке ашыруусу үчүн жагымдуу чөйрөнү калыптандыруу; колледждин баалуулуктарынын системасы катары орто кесиптик билим берүүнүн корпоративдик маданиятын сактоо жана өнүктүрүү; билим берүүнүн сапатын камсыз кылууда студенттик кеңештин ролун күчөтүү; окуу сабактарынын, маданий, спорттук, студенттик турмуштун эмгек чөйрөлөрүнүн тарбиялык потенциалын көтөрүү; • билим берүү процессинде сапаттын жогорку деңгээлин камсыз кылган орто кесиптик билим берүүнүн сапат менеджментинин системасын иштеп чыгуу, киргизүү жана этап-этабы менен аттестациялоо; окуу процессин башкаруу жана сапатын камсыздоо жаатында “коомдук дисциплиналар” бөлүмүнүн кызматкерлерин үзгүлтүксүз кесиптик даярдоо системасын түзүү.