有条不紊的工作主题周期委员会
Циклдын окуу-усулдук иштери Бөлүмдүн мүчөлөрүнүн илимий-изилдөө жана усулдук иштеринин жыйынтыктары, бөлүмдүн мүчөлөрүнүн ачык сабактары жана сабактарга өз ара катышууларын уюштурула турган бөлүмдүн илимий-усулдук семинарында талкулоо максаты коюлууда. Студенттердин өз алдынча иштерин уюштуруу жана кабыл алуу бөлүмдө практикаланып келе жаткан модулдук-рейтингдик системага ылайык ар түрдүү формада жүргүзүлөт. Билим берүү сапатын баалоо жана мониторинг уюштуруу иштери, HSK , HSK ге даярдык курстары жана класстан тышкары окуу ж.б.формаларда кабыл алуу ийгиликтүү колдонулуп келе жатат. Бөлүмдүн багытындагы баардык дисциплиналар боюнча модулдар – текшерүү иш, тест, презентация, курстук долбоор жана жекече тапшырмалар түрүндө кабыл алынып, ар бир жарым жылдыктын аягында жыйынтыкталып, тиешелүү материалдар бөлүмдө сактоо маселеси пландаштырылды. Бөлүмдүн баардык окутуучулары окутуунун жаңы инновациялык заманбап технологияларын (окутуунун программалаштырылган, комплекстик,компьютердик, сынчыл ойлоо жана жазуу,ж.б.) окутуу процессинде кеңири колдонушуп келүүдө. Методдорду жайылтуу максатында ачык сабактар өтүлүп, сабактарга өз ара катышуулар жүргүзүлүп жатат.