目标和义务 主题周期佣金
Convert Word documents to Clean HTML Copy cleaned HTML to clipboard Start again Clean HTMLOriginal HTMLPreview

Кафедранын миссиясы, максаттары жана милдеттери

Колледждерде студенттердин кыргы тили, орус тили жана англис тили предметтери боюнча таалим тарбия алышы, аны практикада колдоно билиши, тилдерди окутуунун максатын аныктайт.Окуу процессиндеги жогоруда аныкталган максаттар 4 компетенттин негизинде ишке ашырылат.

- билим берүүчүлүк;

- өркүндөтүүчүлүк;

- тарбия берүүчүлүк;

- практикалык;

1. Билим берүүчүлүк компетенттин максаты – лингвистикалык жана филологиялык илимдердин негиздерин таанып-билүү аркылуу студенттердин кругозорун кеңейтүү жана кыргыз, орус, англис элинин сүйлөө маданиятын терең өздөштүрүүгө жетишүү.

2. Өркүндөтүүчүлүк компенентинин максаты – кыргыз, орус, англис тилдери боюнча өздөштүргөн билимдерин андан ары тереңдетип өнүктүрүү, тил табиятына жана көркөм сөз өнөрүнө болгон кызыгууну арттыруу.

3. Тарбиялык компоненттин максаты – кыргыз, орус, англис элинин көркөм сөз өнөрүнүн бай казынасы менен тааныштыруу, аларды элдик каада-салтын, үрп-адатын, адеп-ахлагын, коомчулук алдындагы адамдык парзын адабий тексттерде көркөм берилиши аркылууэлдик рухий дүйнөнү таанытуу, улуттук аң-сезимин өнүктүрүү.

4. Практикалык компоненттин максаты – кыргыз, орус, англис тилинин практикалык курсу жана сүйлөшүү, жазуу ишмердүүлүгү боюнча алган билгичтиктерин, көндүмдөрүн, баалуулуктардын турмуштун ар түрдүү кырдаалдарында колдоно билүү.

Ал эми кыргыз, орус, англис тилин үйрөтүүдөгү негизги максаттар төмөндөгүдөй милдеттердин ишке ашырылышын көздөйт:

1. Турмуштук кырдаалдар боюнча сүйлөшө турган жана окула турган тексттердин тематикаларын аныктоо;

2. Тилдик материалдардын курулуш каражаттарын (фонетикалык, лексикалык, грамматикалык) аныктоо;

3. Билим берүүнүн гумандаштыруу процессине басым жасоо;

4. Мурдагыдай маалыматтык “билимдик” мамилеге эмес, өнүктүрүүчү жана ишмер мамилеге басым жасоо;

5. Билим алууга жоопкерчиликтүү, аң-сезимдүү мамиле жасаган социалдык жактан активдүү инсанды тарбиялоого багыт берүү;

Has word2cleanhtml helped you? Word2cleanhtml is a free service and I′d like to keep it so. If you would like to say thanks, you can make a small contribution to the author of this site. Contribute whatever you feel this is worth to you. Most people give around 15€ 10€ PayPal - The safer, easier way to pay online! Report a bug home about api contact © 2007–2020 Olly Cope Python Web Development by Olly Cope Design and illustration by Aurore Lefevre Privacy