Новости

Урматтуу ОшМУнун окутуучу- профессордук курамы!


Сиздерди Арашан гуманитардык институтунун атынан кесиптик майрамыңыздар болгон Мугалимдер күнү менен куттуктайбыз. Мекенибиздин тагдырын ойлогон, эл журтунун керегине жараган, Кыргызстандын өсүп- өнүгүшүнө өз салымын кошо турган билимдүү, ыймандуу, элибиздин патриот уул-кыздарын тарбиялоодо сиздердин эмгегиңиздер зор.
Сиздердин жалпы коомдогу ордуңуздардын жана аткарган эмгегиңиздердин баа жеткис экендигин эске алуу менен бүгүн кандай каалоо-тилек, жакшы сөз айтсак дагы жарашат. Ошондуктан, ар бир күнүңүздөр майрамдык маанай менен өтүшүн каалап, узун өмүр, чың ден-соолук, үй-бүлөңүздөргө бакыт, тынчтык, токчулук жана ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.

Жараткан аруу тилек, изги максатыңыздарды кабыл кылсын!
АГИнин жамааты
7502 11:26 03-10-2014

                 

Новости

|< 8 9 10 11 12 >|