Новости

АГИде Мамлекеттик педагогикалык практиканы жыйынтыктоо конференциясы өткөрүлдү

2014-жылдын 4-декабрында АГИнин Дин таануу факультетинин конференция залында мамлекеттик педагогикалык практиканы жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү. Конференцияга факультеттин деканы, дин таануу.и.д., доцент, С. Базаркулов, окуу иштери боюнча декандын орун басары доцент А. Эрматов, Жалпы билим берүү кафедрасынын башчысы, профессор А. Акматова жана дин таануу кафедрасынын башчысы К. Айдарбеков, жалпы окутуучулар жамааты жана студенттер катышты. Конференцияда алгач 5-курстардын педагогикалык практикасынын өткөрүү абалы боюнча слайт-шоу көрсөтүлдү. Студенттер кезеги менен педпрактика учурунда өткөргөн сабактары боюнча презентация жасашып, факультеттин башка студенттерине өзгөчө таасир калтырышты. Конференциянын жүрүшүндө негизинен педагогикалык практика учурундагы жетишкендиктер жана кемчиликтер тууралуу маселелер көтөрүлдү. Мамлекеттик педагогикалык практикага арналган жыйынтыктоочу конференциянын аягында факультеттин Жалпы билим берүү кафедрасынын башчысы, профессор А. Акматова сөз сүйлөп, практиканын студенттер үчүн маанисин баса белгиледи. Ошону менен бирге, аларга ийгилик каалап өттү. Факультеттин деканы, доцент, доктор С. Базаркулов мамлекеттик практиканын студенттер үчүн мааниси зор экенин, дин таануучу адистердин ар тараптуу билимге жана маалыматтарга ээ болуп, учурдун талабына жараша өнүгүү керектигин айтып өттү. Ошону менен бирге, билим алуу сабак окуу менен гана чектелбей турганын, адамдык сапаттардын калыптанышы да, турмушта зарыл боло турган көндүмдөргө ээ болуу да, мына ушул мезгил ичинде боло тургандыгын жалпы студенттерге кайрылып айтып өттү. Соңунда илимий-усулдук кемчиликтер жана сунуштар тиешелүү жактарга айтылып, мындан кийинки курстардын практикасын уюштурууда эске алуу жүктөлдү.
3962 14:53 08-12-2014

                 

Новости

|< 8 9 10 11 12 >|