Новости

Экстремизмдин социалдык, укуктук өзгөчөлүктөрү жана Кыргызстандагы абал

2014-жылдын 5-декабрында Арашан Гуманитардык Институтунун дин таануу факультетинде КР Ички иштер Министрлигинин 10-Башкы Башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Эмил Таштанович Жээнбеков «Экстремизмдин социалдык, укуктук өзгөчөлүктөрү жана Кыргызстандагы абал» темада жалпы студенттерге жана окутуучулар жамаатына конференция берди. Конференцияда Эмил Таштанович бүгүнкү күндө коомчулуктагы көйгөйлүү маселеге айланып бараткан диний экстремизм, терроризм жана анын чыгышына байланышкан диний агымдар тууралуу кеңири түшүндүрмө берди. Ошону менен бирге диний экстремизм адам өмүрүнө гана коркунуч келтирбестен, мамлекеттин бүтүндүгүнө, улуттун биримдигине жана коомдун келечегине алып келе турган зыяндары жөнүндө баса белгиледи. Конференция студенттердин суроолоруна жооп берүү менен аяктады. Студенттерди өлкөнүн келечеги үчүн татыктуу билим алууга үндөгөн Эмил Жээнбеков, «Религиозный экстремизм» жана «Правовые основы экстремисткой деятельности и терроризм» деп аталган өзү жазган китептерин китепканага белекке берди.
4179 10:55 09-12-2014

                 

Новости

|< 8 9 10 11 12 >|