Новости

АГИ Дин таануу факультетинин студенттери интелектуалдык билим таймашында 2-орунга ээ болду

2014-жылды 6-декабрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинде “Адеп Башаты” коомдук прогрессивдүү фонду тарабынан уюштурулган, теoлогия жана араб тили факультеттеринде окуган студенттер арасында интелектуалдык билим таймашы болуп өттү. Таймашка ЖОЖ студенттеринен жалпысынан 5 команда катышып, 6 категория боюнча жарышты. Жыйынтыгында факультетибиздин студенттери 2-орунду багынтышты. Студенттерибиздин окууларына ийгилик, бекем ден соолук жана чыныгы ыйман каалап кетмекчибиз.
5528 14:17 09-12-2014

                 

Новости

|< 8 9 10 11 12 >|