Новости

АГИде “Тарых жана маданият жылына” арналган илим жумалыгы башталды

18-апрелде Арашан гуманитардык институтунда 18-22-апрель арасында өткөрүлүүчү “Тарых жана маданият жылына” арналган илим жумалыгынын ачылышы болуп өттү. Иш-чарага институттун профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер катышып, институттун жетекчилигинен Р. Шамилов, декан доц. С. Базаркулов, илимий иштер боюнча декандын орун басары, доктор Ж. Себетов, жалпы билим берүүчү предметтер кафедрасынын башчысы, п.и.к., профессор А. Акматова жана дин таануу кафедрасынын башчысы К. Айдарбековдор куттуктоо сөздөрүн айтышты. Иш чаранын экинчи бөлүгүндө болсо, окуу иштери боюнча декандын орун басары, доц. А. Эрматов “Тарых: Бир жолдун үч ашуусу” деген темада баяндама жасап, Кыргызстандын жакынкы тарыхында болуп өткөн Аксы окуясы, 2005-жылдын 24-мартындагы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар тууралуу сөз сүйлөдү. Семинар катышуучулардын суроо-жооптору менен аяктады. Арашан гуманитардык институтунда 18-24-апрель аралыгындагы күндөр илим жумалыгы деп жарыяланып, бул күндөрү ар түрдүү илимий иш чаралар өткөрүлмөкчү.
5785 12:10 19-04-2016

                 

Новости

|< 3 4 5 6 7 >|