Новости

АГИде улуу көтөрүлүштүн 100 жылдыгына карата илимий семинар өткөрүлдү

Бүгүн 18-апрелде Арашан гуманитардык институтунда “Тарых жана маданият жылына” арналган илим жумалыгынын алкагында улуу көтөрүлүштүн 100 жылдыгына карата КР Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, тарых илимдеринин доктору, профессор Кененсариев Ташманбет “Улуу көтөрүлүштүн тарыхый мааниси” деген темада илимий семинар өттү. Факультеттин жалпы профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер катышкан семинарда Т. Кененсариев 1916-жылдагы улуу көтөрүлүштүн себептери, башталышы, жүрүшү жана натыйжалары туурасында кеңири маалымат берди. Семинар катышуучулардын суроо-жооптору менен коштолду. Аягында институттун жетекчилиги тарабынан Т. Кененсариевге сыйлыктар тапшырылды.
4640 15:22 20-04-2016

                 

Новости

|< 3 4 5 6 7 >|