Новости

АГИнин студенттик командасы I орунга ээ болду

Кыргызстандагы теология жана дин таануу факультеттеринин студенттеринин таанышуу, пикир алмашуу, достукту чыңдоо максатында 3 жылдан бери салттуу түрдө студенттер арасында өткөрүлүүчү спорттук турнир өткөрүлүп келет. Мына ушул максатта Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин окутуучулары жана студенттери үстүбүздөгү жылдын 30-апрель-1-май күндөрү ОшМУнун теология факультети тарабынан уюштурулган спорттук турнирге катышып келишти. Аталган турнирге Кыргызстандагы Кыргыз Түрк Манас университетинин теология факультети, ОшМУнун теология факультети жана ОшМУнун Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинен келген студенттик командалар катышышты. Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинин студенттик командасы спорттун волейбол түрү боюнча да жана фудбол түрү боюнча да I-орунду алып, кубок жана спорттун башка түрлөрү боюнча да сыйлыктарга ээ болуп келишти. Студенттик командабызга сыйлыктары кут болсун деп, окууларына ийгилик каалайбыз.
5181 14:17 10-05-2016

                 

Новости

|< 3 4 5 6 7 >|