Новости

АГИде Ж. Баласагындын 1000 жылдыгына карата илиимий конференция өткөрүлдү

2016-жылдын 22-апрелинде Арашан гуманитардык институтунда “Тарых жана маданият жылына” арналган илим жумалыгынын алкагында Ж. Баласагындын 1000 жылдыгына карата илиимий конференция өткөрүлдү. Конференцияга факультеттин профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер катышып, институттун жетекчилигинен Р. Шамиловдун куттуктоо сөзү менен башталды. Конференцияда филос.и.д, профессор Н. Саралаев “Ж. Баласагындын “Кут алчу билим” чыгармасындагы философиялык көз караштар”, п.и.к., профессор А. Акматова “Ж. Баласагындын “Кут алчу билим” чыгармасынын тили жана идеялык баалуулугу”, доц., док. С. Базаркулов “Ж. Баласагындын “Кут алчу билим” чыгармасында бала тарбиясынын чагылдырылышы”, доц. А. Эрматов “Ж. Баласагындын “Кут алчу билим” чыгармасында коомдук мамилелердин берилиши”, К. Айдарбеков “Ж. Баласагындын “Кут алчу билим” чыгармасында ислам адеп принциптеринин чагылдырылышы” деген темада баяндама жасады. Конференция катышуучулардын суроо-жооптору менен аяктады.
6758 13:33 25-04-2016

                 

Новости

|< 3 4 5 6 7 >|