Жанылыктар

Мамлекеттик тилге байланышкан иш-чаралар жыйынтыкталууда

Ош мамлекеттик университетинде мамлекеттик тил Мыйзамынын 25 жылдыгына карата бир топ иш-чаралар пландаштырылып, ал иштердин жыйынтыктары чыгарылууда. Окуу жылдын башында мамлекеттик тилге байланышкан маданий иш-чаралар, семинарлар, тренингдер өткөрүлүп, буга ОшМУнун бардык факультеттери, коллеждери жигердүү катышышты.Ошондой эле Ош облустук мамлекеттик тилди өнүктүрүү фондунун, Ош шаардык мэриясынын "Мыкты усулдук-2014", "Мыкты жетекчи-2014", "Бөбөктай" сынактары жарыланган. Бул сынактардын максаты мамлекеттик тилди окутуу боюнча окуу-усулдук колдонмолорду жазуу жана жазган авторлорго материалдык-моралдык көмөк көрсөтүү болду. Ал эми "Мыкты жетекчи" сынагында мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө кайдыгер карабаган, аны бардык жактан колдоого алган жетекчилердин иши каралды. "Мыкты жетекчи-2014" сынагында биздин окуу жайдын ректору, профессор Каныбек Исаков жеңүүчү деп табылды. Анткени агайдын иши бул жаатта абдан көп жана мазмундуу болуп чыкты. "Мыкты усулдук-2014" сынагынын жеңүүчүлөрү да мамлекеттик тил кафедрасынын улук окутуучусу Б.Байтикова,окутуучулар Г.Мамадыева, Н.Темирова, З.Каразакова; кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинен доцент М.Кошуевалар болушту. Жогоруда аты аталган окутуучулар республикалык сынакта да баш байгени жеңип алышты.
2262 15:48 17-12-2014

                 

Жанылыктар

|< 1 2 >|