Жанылыктар

Бүткүл дүйнөлүк эне тили күнүнө карата иштер жыйынтыкталууда

ОшМУда жарыяланган "21-февраль-Бүткүл дүйнөлүк Эне тили күнү" бардык факультеттерде жана структураларда ар түрдүү иш-чара формасында болуп өттү. Өзгөчө иш-чараны уюштурууда МИТ, БжМ, тарых-юридика,теология,финансы -юридикалык коллеж өздөрүнүн мыктылыгын көрсөтө алышты. Жобого ылайык бардык улуттардын ыр-бийлери жаңырып, көрүүчүлөргө мыкты рахат тартуулашты. Ал эми мамлекеттик тил борбору бул майрамдык күнгө карата КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине мамлекеттик тилде иш жүргүзүү боюнча окуу курсун аяктагандыгы үчүн 9 кызматкерге сертификат тапшырды. Министрликтин кызматкерлерин окуткан доцент Гулина Жамгырчиева Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды. Ошондой Ош мамлекеттик университетинин тил борборунун мүчөлөрүнө министрликтин жетекчилиги тарабынан алкыштар айтылып, кызматташтык мындан ары да улана бере тургандыгы жөнүндө айтышты.
2191 14:31 25-02-2015

                 

Жанылыктар

|< 1 2 >|