Жанылыктар

Ар бир элдин тили улуу

16-февраль күнү Ош мамлекеттик университети тарабынан жарыяланган Бүткүл дүйнөлүк эне тили күнү чет тилдер факультетинде белгиленди. Иш-чарага факультеттин 1-3-курстары катышышты. Алар эне тилибиз-кыргыз тили менен кошо англис, орус тилин даңазалап, ыр-бийлерди көрсөтүштү. Ошондой эле бул кечени ачып берген факультеттин деканы С. Калыгулова: "Ар бир элдин эне тили улуу экендигин, баарыбыз эне тилге жакшы мамиле жасоо менен көп тилди үйрөнүү зарылчылык болуп жаткандыгын" баса белгиледи. Бул иш чараны уюштурууда мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары З.Каразакова, Г. Акишова жана факультеттин Америка таануу жана котормо, Англис тили жана фонетика кафедралары жигердүү катышышты.
2181 11:10 17-02-2015

                 

Жанылыктар

|< 1 2 >|