Жанылыктар

ОшМУнун студенттери "Сабаттуулук - баарыбыз үчүн бирдей " акциясына чыгышат

ОшМУнун мамлекеттик тил борбору мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө көптөгөн алгылыктуу иш-чараларды өткөрүп келет. Март айында да ОшМУнун дистанттык окуу жана мамлекеттик тил боюнча проректору, доцент О.Шаимкуловдун сунушу менен кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика бөлүмүнүн студенттери шаардык мекеме-ишканаларда жана көчөдө илинген көрнөк-жарнактарга анализ жүргүзүп, ката кетирилген жарнак, жарнамалдарды жазуу боюнча өздөрүнүн кеңештерин айтып, туура жазууга үгүттөшөт. Акцияга чыгардан мурда студенттердин демилгелүү тобуна 12 сааттык семинар-сабактар өтүлөт. Сабактар туура жазуунун эрежелери (орфография), кеп маданияты жана иш кагаздары боюнча болот. Ошондой эле акциялык жүрүшкө чыккан студенттер мамлекеттик тил мыйзамынын тиешелүү беренелери менен таанышышат. Мындай акциялык жүрүшкө студенттердин демилгелүү тобун чыгаруу менен бирге аларды патриоттукка, ал эми жарандарыбызды сабаттуулукку үндөйбүз.
1971 11:16 26-02-2015

                 

Жанылыктар

|< 1 2 >|